Ай: Август 2025

жарыя

Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык мпенчик департаменти кадрлардын ички резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт! Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. КР Электрондук башкаруу жөнүндөгү мыйзамы 1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында) 2) иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын   Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;         Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;        Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жонундо Кодекси”; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер...

Read More

📍 Ноокат шаарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын өттү 🔻Бүгүн Ноокат шаар мэриясынын жыйындар залында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттерди күчөтүү боюнча жыйын өткөрүлдү. 🔻Жыйынга Ноокат шаарынын мэри А.Абдибаев ,шаардык кеңештин төрагасы М.Эгембердиев,ШИИБ кызматкерлери, Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана мечит имамдары,ҮБДТ нын кызматкерлери катышты. 🔻Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун себептери, анын кесепеттери, жабыркаган жарандарга көрсөтүлүүчү жардамдар жана коомчулуктагы алдын алуу иштеринин мааниси талкууланды. 🔻Катышуучулар бардык тиешелүү мекемелердин жана жарандардын биргелешип аракеттенүүсү — бул көйгөйдү чечүүнүн негизги жолу экенин белгилешти. 🕊 Үй-бүлөдө тынчтык болсо — коомдо да тынчтык болот! Зомбулукка каршы бирге аракет...

Read More