Ай: Февраль 2026

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө мыйзамынын, Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу тартибинин сакталышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында Бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө тапшырбоо, кечиктирүү ошондой эле толук эмес маалыматтарды көрсөтүү фактылары аныкталган. 2025-жылы райондук прокуратура тарабынан жалпысынан 216 укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, Ноокат райондук соту тарабынан кызмат адамдары ар түрдүү өлчөмдөгү айып пулдарга кириптер болгон. Анын ичинен 108 кызмат адамы Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттө тапшырбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 438-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылган. Ошондой эле, 100 кызмат адамы Бирдиктүү салык декларациясында толук эмес маалыматтарды көрсөткөндүгү үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 438-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылып, 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пулга кириптер болгон. Мындан сырткары, 8 мамлекеттик кызматкер кайталап Бирдиктүү салык декларациясын мөөнөтүнөн кечиктирип жана толук эмес маалыматтарды көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 438-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылган. Ноокат районунун прокуратурасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында, так жана толук маалыматтарды киргизүү менен тапшырууга чакырат.                                                             Ноокат районунун прокуратурасы...

Read More

Жарыя

Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган, Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, О. Солтобаев көчөсү №1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 5051500200103, жалпы аянты 9 785,67 м², ага тиешелүү 0,22 га жер тилкеси менен курулушу аяктай элек 7 кабаттуу коммерциялык объектти экономикалык жүгүртүүгө киргизүү максатында түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосуна катышууга чакырат. Зарыл болгон документтер жана талап кылынган квалификациялык жана инвестициялык талаптардын тизмесин Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы ММДдан алсаңыздар болот. Дареги Ноокат шаары А.Лутфиллаев №3″Бирдиктүү терезе”...

Read More

Ноокат шаардык мэриясынын расмий билдирүүсү Социалдык тармактарда борбордук базардагы санитардык абал жана акча чогултуу маселелери боюнча тараган видеолорго байланыштуу коомчулукта ар кандай пикирлер жаралууда.Бул боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында төмөнкүлөрдү так билдиребиз:🔹 Тазалык ишканасы тарабынан таштандыларды чыгарып кетүү — акы төлөнүүчү кызмат. Видеодо көрүнгөндөй, аталган кызмат үчүн алынган каражаттарга дүмүрчөк берилет, акчалар расмий эсепке кириштелет. Бул жерде мыйзамсыз акча жыйноо фактысы жок. Бул жерде сатуучу мыйзамдуу турабы жокпу анын таштандысын чыгарганы үчүн кызмат төлөйт!🔹 Ошол эле учурда, базардын ички аймагында базаркомдор жана жеке базар ээлери өздөрүнө таандык участоктордо соода жүргүзгөн жарандардан ижара (же сбор) акы алышат. Бул базар администрациясы тарабынан соода ордун пайдалангандыгы жана көрсөтүлгөн инфраструктуралык кызматтар үчүн (эксплуатациялык) төлөм катары алынат.Мисалга шыпырып тазалоо, кароолчулук ж.б Бул каражаттар Ноокат шаардык мэриясы чогулткан акчаларга тиешеси жок жана аларды атайылап аралаштырып, коомчулукту адаштырууга болбойт.🔹 Базардын чыгыш жана батыш дарбазаларында жайгашкан мэриянын кармагындагы жер тилкелери убактылуу ижара шартында ишкерлерге берилген. Ижара акылары келишимге ылайык банк аркылуу төлөнүп келген.🔹 Келишимдин шарттарына ылайык, мэрия жазуу жүзүндөгү эскертүүнүн негизинде, бир тараптуу тартипте келишимди бузууга укуктуу. Учурда тиешелүү эскертүүлөр берилип, Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечими толугу менен аткарылды.🔹 Белгилеп кетүү зарыл: аталган ишкер бул жерде 2012-жылдан бери соода жүргүзүп келген, бирок ижарага берилген жерди талаптагыдай кармоого, архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн, санитардык тазалыгын сактоого милдеттүү болгон.🔹 Келишимдин бузулушуна төмөнкү фактылар негиз болгон:— ижарага берилген жер аянтынан тышкары чыгып, жолду өз билемдик менен тосуп алуусу;— экологиялык жана санитардык талаптарга жооп бербеген...

Read More
Февраль 2026
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728