ПРЕСС-РЕЛИЗ

Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө мыйзамынын, Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу тартибинин сакталышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында Бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө тапшырбоо, кечиктирүү ошондой эле толук эмес маалыматтарды көрсөтүү фактылары аныкталган. 2025-жылы райондук прокуратура тарабынан жалпысынан 216 укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, Ноокат райондук соту тарабынан кызмат адамдары ар түрдүү өлчөмдөгү айып пулдарга кириптер болгон. Анын ичинен 108 кызмат адамы Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттө тапшырбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 438-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылган. Ошондой эле, 100 кызмат адамы Бирдиктүү салык декларациясында толук эмес маалыматтарды көрсөткөндүгү үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 438-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылып, 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пулга кириптер болгон. Мындан сырткары, 8 мамлекеттик кызматкер кайталап Бирдиктүү салык декларациясын мөөнөтүнөн кечиктирип жана толук эмес маалыматтарды көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 438-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылган. Ноокат районунун прокуратурасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында, так жана толук маалыматтарды киргизүү менен тапшырууга чакырат.                                                             Ноокат районунун прокуратурасы...

Read More