Категория: Uncategorized

Ноокат шаардык мэриясынын расмий билдирүүсү Социалдык тармактарда борбордук базардагы санитардык абал жана акча чогултуу маселелери боюнча тараган видеолорго байланыштуу коомчулукта ар кандай пикирлер жаралууда.Бул боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында төмөнкүлөрдү так билдиребиз:🔹 Тазалык ишканасы тарабынан таштандыларды чыгарып кетүү — акы төлөнүүчү кызмат. Видеодо көрүнгөндөй, аталган кызмат үчүн алынган каражаттарга дүмүрчөк берилет, акчалар расмий эсепке кириштелет. Бул жерде мыйзамсыз акча жыйноо фактысы жок. Бул жерде сатуучу мыйзамдуу турабы жокпу анын таштандысын чыгарганы үчүн кызмат төлөйт!🔹 Ошол эле учурда, базардын ички аймагында базаркомдор жана жеке базар ээлери өздөрүнө таандык участоктордо соода жүргүзгөн жарандардан ижара (же сбор) акы алышат. Бул базар администрациясы тарабынан соода ордун пайдалангандыгы жана көрсөтүлгөн инфраструктуралык кызматтар үчүн (эксплуатациялык) төлөм катары алынат.Мисалга шыпырып тазалоо, кароолчулук ж.б Бул каражаттар Ноокат шаардык мэриясы чогулткан акчаларга тиешеси жок жана аларды атайылап аралаштырып, коомчулукту адаштырууга болбойт.🔹 Базардын чыгыш жана батыш дарбазаларында жайгашкан мэриянын кармагындагы жер тилкелери убактылуу ижара шартында ишкерлерге берилген. Ижара акылары келишимге ылайык банк аркылуу төлөнүп келген.🔹 Келишимдин шарттарына ылайык, мэрия жазуу жүзүндөгү эскертүүнүн негизинде, бир тараптуу тартипте келишимди бузууга укуктуу. Учурда тиешелүү эскертүүлөр берилип, Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечими толугу менен аткарылды.🔹 Белгилеп кетүү зарыл: аталган ишкер бул жерде 2012-жылдан бери соода жүргүзүп келген, бирок ижарага берилген жерди талаптагыдай кармоого, архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн, санитардык тазалыгын сактоого милдеттүү болгон.🔹 Келишимдин бузулушуна төмөнкү фактылар негиз болгон:— ижарага берилген жер аянтынан тышкары чыгып, жолду өз билемдик менен тосуп алуусу;— экологиялык жана санитардык талаптарга жооп бербеген...

Read More

📍 Ноокат шаарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын өттү 🔻Бүгүн Ноокат шаар мэриясынын жыйындар залында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттерди күчөтүү боюнча жыйын өткөрүлдү. 🔻Жыйынга Ноокат шаарынын мэри А.Абдибаев ,шаардык кеңештин төрагасы М.Эгембердиев,ШИИБ кызматкерлери, Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана мечит имамдары,ҮБДТ нын кызматкерлери катышты. 🔻Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун себептери, анын кесепеттери, жабыркаган жарандарга көрсөтүлүүчү жардамдар жана коомчулуктагы алдын алуу иштеринин мааниси талкууланды. 🔻Катышуучулар бардык тиешелүү мекемелердин жана жарандардын биргелешип аракеттенүүсү — бул көйгөйдү чечүүнүн негизги жолу экенин белгилешти. 🕊 Үй-бүлөдө тынчтык болсо — коомдо да тынчтык болот! Зомбулукка каршы бирге аракет...

Read More
Loading
Март 2026
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031