Государственный портал электронных услуг
Антикоррупционные меры
Коррупция менен күрөшүү – биздин коом үчүн эң маанилүү милдеттердин бири. Коррупцияны азайтуу жана жоюу максатында төмөнкү чаралар көрүлдү:
Аппарат кызматкерлерине коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү чектөөлөр тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Ноокат шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №209 “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын аткаруу максатында, аппарат кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын катынын негизинде жүргүзүлдү.
Аппарат кызматкерлерине коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү чектөөлөр боюнча макулдук берүү жана кабыл алуу милдеттенмесинин формасы тааныштырылып, ар бир кызматкер тарабынан тиешелүү документ кол коюу менен кабыл алынды.
Бардык толтурулган милдеттенмелер кызматкерлердин жеке иш көктөмөлөрүнө тиркелди.
Бул тууралуу тиешелүү башчынын буйругу чыгарылып, анын негизинде бардык уюштуруучулук иш-чаралар жүргүзүлдү.
📌 Бул маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында жарыяланууда.
📄 Толук маалымат алуу үчүн Ноокат шаарынын мэриясынын кеңсесине кайрылсаңыз болот.