Ноокат шаардык мэриясынын расмий билдирүүсү
Социалдык тармактарда борбордук базардагы санитардык абал жана акча чогултуу маселелери боюнча тараган видеолорго байланыштуу коомчулукта ар кандай пикирлер жаралууда.
Бул боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында төмөнкүлөрдү так билдиребиз:
🔹 Тазалык ишканасы тарабынан таштандыларды чыгарып кетүү — акы төлөнүүчү кызмат. Видеодо көрүнгөндөй, аталган кызмат үчүн алынган каражаттарга дүмүрчөк берилет, акчалар расмий эсепке кириштелет. Бул жерде мыйзамсыз акча жыйноо фактысы жок. Бул жерде сатуучу мыйзамдуу турабы жокпу анын таштандысын чыгарганы үчүн кызмат төлөйт!
🔹 Ошол эле учурда, базардын ички аймагында базаркомдор жана жеке базар ээлери өздөрүнө таандык участоктордо соода жүргүзгөн жарандардан ижара (же сбор) акы алышат. Бул базар администрациясы тарабынан соода ордун пайдалангандыгы жана көрсөтүлгөн инфраструктуралык кызматтар үчүн (эксплуатациялык) төлөм катары алынат.Мисалга шыпырып тазалоо, кароолчулук ж.б Бул каражаттар Ноокат шаардык мэриясы чогулткан акчаларга тиешеси жок жана аларды атайылап аралаштырып, коомчулукту адаштырууга болбойт.
🔹 Базардын чыгыш жана батыш дарбазаларында жайгашкан мэриянын кармагындагы жер тилкелери убактылуу ижара шартында ишкерлерге берилген. Ижара акылары келишимге ылайык банк аркылуу төлөнүп келген.
🔹 Келишимдин шарттарына ылайык, мэрия жазуу жүзүндөгү эскертүүнүн негизинде, бир тараптуу тартипте келишимди бузууга укуктуу. Учурда тиешелүү эскертүүлөр берилип, Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечими толугу менен аткарылды.
🔹 Белгилеп кетүү зарыл: аталган ишкер бул жерде 2012-жылдан бери соода жүргүзүп келген, бирок ижарага берилген жерди талаптагыдай кармоого, архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн, санитардык тазалыгын сактоого милдеттүү болгон.
🔹 Келишимдин бузулушуна төмөнкү фактылар негиз болгон:
— ижарага берилген жер аянтынан тышкары чыгып, жолду өз билемдик менен тосуп алуусу;
— экологиялык жана санитардык талаптарга жооп бербеген товарларды жайып, аралаштырып сатуусу.
Ал эми ишкер ал жерде өзү олтурган жерди жасадым деп келтирип жаткан жүйөөсү боюнча келишим боюнча ижарага алып, иштетүүсү үчүн тиешелүү кызматтардын корутундусуна ылайык, эскиздик долбоорго ылайык милдеттүү түрдө коюлган талап болуп саналган.
Бул жагдайлар СЭС жана МЧСтин сунушу менен Жарандык коргонуу боюнча комиссия тарабынан каралып, мыйзамдуу чечим кабыл алынган.
Ноокат шаардык мэриясы коомчулукту жалган же бир тараптуу маалыматтарга ишенбөөгө чакырат жана бардык маселелер мыйзамдын чегинде, ачык-айкын тартипте чечилерин билдирет.