Урматтуу дыйкан-фермерлер!

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 13-майындагы №05/2-17/117 буйругуна ылайык, мамлекет тарабынан тамчылатып жана жамгырлатып суугаруу системаларын орнотууга жылдык 2% жеңилдетилген насыялар берилүүдө.

Сууну үнөмдөөчү заманбап технологияларды колдонуп, түшүмдүүлүктү жогорулатууну каалаган бардык дыйкан-фермерлерди бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга чакырабыз!

✅ Тамчылатып суугаруу системасы
✅ Жамгырлатып суугаруу системасы
✅ Жылдык 2% жеңилдетилген насыя

Толук маалымат алуу үчүн Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылыңыздар.

📍 Дареги: Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 1-кабаты, Агрардык өнүктүрүү башкармалыгы.