Рубрика: Новости

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө мыйзамынын, Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу тартибинин сакталышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында Бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө тапшырбоо, кечиктирүү ошондой эле толук эмес маалыматтарды көрсөтүү фактылары аныкталган. 2025-жылы райондук прокуратура тарабынан жалпысынан 216 укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлүп, Ноокат райондук соту тарабынан кызмат адамдары ар түрдүү өлчөмдөгү айып пулдарга кириптер болгон. Анын ичинен 108 кызмат адамы Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттө тапшырбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 438-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылган. Ошондой эле, 100 кызмат адамы Бирдиктүү салык декларациясында толук эмес маалыматтарды көрсөткөндүгү үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 438-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылып, 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пулга кириптер болгон. Мындан сырткары, 8 мамлекеттик кызматкер кайталап Бирдиктүү салык декларациясын мөөнөтүнөн кечиктирип жана толук эмес маалыматтарды көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 438-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жоопкерчиликке тартылган. Ноокат районунун прокуратурасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында, так жана толук маалыматтарды киргизүү менен тапшырууга чакырат.                                                             Ноокат районунун прокуратурасы...

Читать далее

📍 Ноокат шаарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын өттү 🔻Бүгүн Ноокат шаар мэриясынын жыйындар залында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттерди күчөтүү боюнча жыйын өткөрүлдү. 🔻Жыйынга Ноокат шаарынын мэри А.Абдибаев ,шаардык кеңештин төрагасы М.Эгембердиев,ШИИБ кызматкерлери, Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана мечит имамдары,ҮБДТ нын кызматкерлери катышты. 🔻Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун себептери, анын кесепеттери, жабыркаган жарандарга көрсөтүлүүчү жардамдар жана коомчулуктагы алдын алуу иштеринин мааниси талкууланды. 🔻Катышуучулар бардык тиешелүү мекемелердин жана жарандардын биргелешип аракеттенүүсү — бул көйгөйдү чечүүнүн негизги жолу экенин белгилешти. 🕊 Үй-бүлөдө тынчтык болсо — коомдо да тынчтык болот! Зомбулукка каршы бирге аракет...

Читать далее

Ноокат шаарынын мэриясы кадрлардын ички резервин түзүү үчүн конкурс жарыялайт!

Ноокат шаарынын мэриясы мекемеси кадрлардын ички резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт! Башкы  административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:   Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 10.Кыргыз Республикасынын...

Читать далее

Город Ноокат: Развитие и итоги муниципальной деятельности (2024 год)

Ноокат шаары: Өнүгүү жана муниципалдык иштердин жыйынтыктары (2024-жыл) Ноокат шаары Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 8-сентябрындагы №214 мыйзамынын негизинде райондук денгээлдеги шаар статусун алган. Шаар Таштак, Кара-Турпак, Бостон, Барын болуп, жалпысынан 4 аймактык башкармалыктан жана 52 көчөдөн турат. Жалпы аянты 358 га. Ноокат шаарынын аймагында 23 мамлекеттик мекеме, 12 муниципалдык объект, 1 оорукана, 2 ФАП, 3 жеке клиника, 22 дарыкана, 1 УЗИ, 3 АСЗ, 55 коомдук тамактануучу жай (кафе жана ашкана), 1 ресторан жана 1 борбордук базар жайгашкан. Кызматкерлердин жалпы саны 12, анын ичинде директор – 1, башкы адис – 2, жетектөөчү адис – 3, ААБ жетекчиси – 3, жооптуу кызматкерлер – 9, ТТП – 3. Кириш документтер: 30 арыз, 16 токтом, 69 кат келип түшкөн. Чыгыш документтер: 64 кат чыккан. Ноокат шаарынын башкы планын ишке ашыруу жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери жүргүзүлүп жатат. Шаар Таштак, Кара-Турпак, Бостон, Барын болуп, жалпысынан 4 кварталдан турат. Таштак, Бостон, Кара-Турпак жана Барын кварталдарынын жалпы аянты 3,58 кв.км. Облустун борборунан алыстыгы 40 км, темир жол станциясынан алыстыгы 46 км, жакынкы аэропорттон алыстыгы 50 км. Ички чарбачылык жолдордун узундугу 17 070 км, көпүрөлөрдүн саны 4. 2024-жыл ичинде Ноокат шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан аткарылган жумуштар: Н.Исанов атындагы сейил багында жайгашкан “Өчпөс от” мемориалдык аллеясында реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жаңыланды. М.Эргешов көчөсүндө кызыл сызыкка чыккан узундугу 15 метр болгон эки объекттин курулушу буздурулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тоскоолдук жараткан тосмолор алынып, тротуар ачылды. 250 метр тротуарга асфальт...

Читать далее
Загрузка
Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031